Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны аяктады

19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Евразия экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары, байкоочу катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов, Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышты.

Өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара жана тышкы соодасын камсыздандырууну колдоо, товарларды ташып чыгууда белгиленген бир жактуу тарифтик эмес чараларды жакындатуу маселелерин, ошондой эле экспорттук бажы алымдары боюнча маселелерди карашты.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өттү. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлду.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД