Ошто 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 23-августта, саат 03:01де Ош облусунун аймагында болуп, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык айылдарында 3 балл жана Шибээ айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.