Садыр Жапаров ЖККУнун кезексиз сессиясына катышат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына видеоконференция форматында катышат.

Афганстандагы кырдаал жана анын ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна таасири, ошондой эле чек ара аралык чакырык жана коркунучтарга биргелешкен натыйжалуу реакция кылуу талкууланат.

Сессия Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өтөт.

Иш-чарага Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась катышаары күтүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД