"Ала-Арча" резиденциясында Токиодогу Олимп оюндарында медаль тагынган спортчуларды сыйлоо аземи башталды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышууда.
Иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында чагылдырылууда.
Анда өлкө башчы Садыр Жапаров Олимпиадада күмүш байгеге ээ болгон балбандар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбековага 10 миллион сом жана Тойота Рав 4 үлгүсүндөгү унаа тапшырды.