Жалал-Абад облусунда бир аптада 58 мас айдоочу кармалды

Жалал-Абад облусунда бир аптада 58 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, облус аймагында 13-августтан 21-авгуска чейинки бир жума аралыгында жалпы 1530 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды. Анын ичинен 58 айдоочу автоунааларын мас абалында, 527 айдоочу каттуу ылдамдыкта, 24 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн болсо жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 925 айдоочуга протоколдор түзүлгөн.

Жалпы 264 автоунаа атайын айып короого коюлган. Булардын көпчүлүгү унааларын туура эмес жайга коюп эвакутор аркылуу адистештирилген атайын айып короого коюлгандар.

Жалал-Абад областтык ЖККК бөлүмү жалпы жол кыймылынын катышуучуларына жолдо жүрүүдө, жол эрежелерин так сактап жүрүүнү эскертишет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД