Бишкекте батирлердин биринен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Бишкек шаарынын 4-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирдин эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 1943-жылы туулган М.Р. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылып, маркумдун денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.