"Арча-Бешик" конушунда канализация курулууда

"Арча-Бешик" конушунда канализация курулууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Канализациянын узундугу 470 үй үчүн болжол менен 4,8 километрди түзөт.

Абдрахманов чолок көчөсүндө Садыбакасов көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейин иштер жүрүп жатат.

Канализация системасын салууда стандарттарга жооп берген D-150 мм жана D-300 мм диаметри бар асбест-цемент тартылуу түтүктөрү колдонулат.

Сынактын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы бөдрөтчү - "Дрим Строй" курулуш компаниясын аныктады.

Ишти ушул күздө бүтүрүү пландалууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД