Балыкчыда улгайган аялды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Балыкчы шаарында белгисиз айдоочу улгайган аялды сүзүп качып кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 21-август күнү 4:36 чамасында, көчөлөрдүн биринде 70-80 жаштардагы аялдын жансыз денеси жол жээкте жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзүү учурунда "Тойота" үлгүсүндөгү автоунаасына таандык тетиктердин сыныктары табылган. Андан тышкары, каза болгон адамдын өздүгү аныкталып, ал Балыкчы шаарынын 85 жаштагы тургуну экени белгилүү болгон.

Аталган факт, Балыкчы ШИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 297 (Жол кыймылынын жана автотранспорт каражаттарын эксплутациялонун эрежелерин бузуу) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочуну аныкталган. Ал 21 жаштагы жергиликтүү тургун болгон. Шектүү ошол күнү эле милиция бөлүмүнө алып келинип, сурак учурунда күнөөнү моюнуна алган.

Учурда тергөө иштери улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД