Айсулуу Тыныбекова: Президенттин жеке белеги мен үчүн күтүүсүз болду

Бүгүн, 23-августта "Ала-Арча" резиденциясында Токиодогу Олимп оюндарында медаль тагынган спортчуларды сыйлоо аземи болду. Анда олимп оюндарына Кыргызстандын атынан барган спортчуларга медалдар, сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлоо аземинен кийин балбан Айсулуу Тыныбекова мамлекеттик сыйлыктар менен кошо өлко башчысы жеке белек да бергенин жазып, ал күтүсүз болгонун жазган.

"Бүгүн эмгегибиз дагы бир ирээт бааланып, машыктыруучуларыбыз жана ата-энелерибиз менен сүйүнүп отурабыз!

Мага II даражадагы "Манас" ордени ыйгарылды. Бул мен үчүн өтө чоң жоопкерчилик!

Мындан сырткары, 10 млн сомдук сертификатка ээ болдук.

"Toyota RAV4" үлгүсүндөгү авто унаанын ачкычы да тапшырылды. Президентибиз бул белекти жеке өзүнүн атынан ыйгарды. Мен үчүн бул күтүүсүз болду! Терең ыраазычылык айтам, Садыр Нургожоевич!", - деп билдирүү калтырган балбан кыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД