Футбол боюнча улуттук курамдын "Дордой" футболдук клубунун оюнчусу Мирлан Мурзаев карьерасын Индиянын "Ченнаи" футболдук клубунда улантат. Бул тууралуу "Дордой" футболдук клубунун басма сөз кызматы билдирди.
"Ченнаи" футболдук клубу 2014-жылы гана негизделген жана учурда Индиянын Жогорку Лигасында оюн алып барат.
Кыргыз Премьер-Лигасынын быйылкы сезонунда Мирлан Мурзаев жалпы жыйырма эки беттешке катышып, сегиз гол киргизип, сегиз жолу голдук пас берген.