Дайынсыз болуп жаткан Эргешали Имаралиев изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2016-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунун Тамаша айылынын тургуну, 1968-жылы туулган Имаралиев Эргешали Нишанович Бишкек шаарына акча табуу максатында жумуш издеп кетип, 2017-жылдан бери дайыны жок.
Бул факты боюнча Кадамжай РИИБнин милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.
Белгилери: бою 165-170см., кашы көзү кара түстө, ак жүздүү, дене түзүлүшү орто, акыл-эси соо.
Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кишини таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.
Байланыш үчүн номерлер (03655) 5-02-29; 0704 27-64-16