Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуучу жай жаңыртылды

Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуучу жай жаңыртылды. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуучу жайды жаңыртышты. Анда 11 вазон, 8 чоң жана 12 кичинекей отургучтарды атайын жыгачтан жасалган буюмдарды бекемдеткен сыр менен сырдашты.

"Абайлаңыздар! Сырдалган жерлер кургай элек жана ошону менен бирге сиздерден муниципалдык мүлктөргө аяр мамиле кылууңуздарды суранабыз!", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД