Чүйдө эки унаа кагышып 9 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 201-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) болгон. Анда Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен жеринде 9 адам (6 аял, 2 эркек жана 1 жаш бала) каза болуп, 1 эркек жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда) . Жерине КР ӨКМнин КДМБнын 154-чакырымында нөөмөттө турган 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамга жеринде тез жардам кызматы тарабынан жардам көрсөтүлгөн.