Кочкор - Атада эки жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында бүткөрүлгөн эки жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кочкор-Ата шаарында жаңыдан бүткөрүлгөн "Ландыш" бала бакчасы 100 орунга ылайыкташкан. Аны курууга Ноокен райондук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттен 30 миллион сомго жакын каражат сарпталган. Курулушу 2019-жылы башталып, "Север юг строй" ЖЧКсы аткарган.

Шаардагы пайдаланууга берилген дагы бир бала бакча №45 "Наристем" мектепке чейинки билим берүү мекемеси 175 орундуу. Имараттын курулушу толук жергиликтүү бюджеттен каржыланып, 31 миллион сом акча каражаты ажыратылган.

Имараттарды ачылуу аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Ноокен районунун акими Нурлан Шаршеналиев, шаар мэри Алтынбек Жумаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Облус башчысы аймактагы калктын муктаждыктарын камсыздоо максатында бир катар социалдык объектилердин курулушу жүрүп жатканын, алдыда бул аракеттер дагы да улантылаарын билдирди. Аны менен бирге жаңы бала бакчалардан мыкты билим алган уул-кыздар тарбияланып чыгышына үмүт артаарын айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД