Баткенде жол кырсыгынан бир адам каза болду

Баткенде жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылйаык, Жол кырсыгы Баткен облусунун Кадамжай районунда, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 112-чакырымында болгон. Анда Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай "КамАз" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен "Honda Stepwgn" унаанын айдоочусу 26 жаштагы Б.А аттуу адам каза болгон.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар маркумдун денесин алып чыгышып, тиешелүү кызматарга өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД