Чукул кабар! Жакынкы сааттарда Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

Жакынкы сааттарда Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тургундарды сак болууга чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД