Абылгазиев мамлекетке 50 млн сом төлөп, үй камагына чыкты

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды.

20-августта райондук сотко Абылгазиевдин ден соолугунун начарлашына жана келтирилген зыяндын ордун толтуруп бергендигине байланыштуу анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Башкы прокуратура арыз менен кайрылган.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Мухаммедкалый Абылгазиев сыртка чыкпоо тил каты менен үй камагына алынган. Ошондой эле ал мамлекетке 50 млн сом төлөп берген.

Мухаммедкалый Абылгазиев коррупция жана мыйзамсыз боюу фактысы боюнча мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД