23-августтан 23-сентябрга чейин Төө-Ашуу ашуудагы тоннель желдетүү тутумун оңдоо иштерине байланыштуу мезгил-мезгили менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Бишкек – Ош унаа жолу мамлекеттик дирекциясы 2021-жылы 23-августтан 23-сентябрга чейин Бишкек – Ош жолунунун 129-500 чакырым аралыгындагы Төө-Ашууда жайгашкан тоннель желдетүү тутумун оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу мезгил-мезгили менен жабылып турат
График
2021-жылдын 23-августунан 23-сентябрына чейин желдетүү тутумун оңдоо учурунда К.Көлбаев атындагы туннель аркылуу унаалардын өтүшү:
1. 07-00-08-30 – оңдоо иштери (жабык болот);
2. 08-30 - 14-00 – унааларды өткөрүү (ачык);
3. 14-00 - 15-30 – оңдоо иштери (жабык);
4. 15-30 - 07-00 – унааларды өткөрүү (ачык).