Нарында эгемендиктин 30 жылдыгына карата маданий иш-чаралар өтүүдө

Нарында эгемендиктин 30 жылдыгына карата маданий иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында Кыргыз улуттук дөөлөттөрүн даңктаган "Кыргыз Шырдагы", "Оймо", жана манасчы, акын Тоголок Молдо атыккан Байымбет Абрахмановдун 160 жылдыгына карата "Манас" фестивалдары салтанаттуу ачылды.

Маданий иш чарага Маданият, маалымат , спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков , кол өнөрчүлөрдөн тарта искусство өкүлдөрү, улуу көркөм өнөрлөр ээлери, манасчылар, жергиликтүү тургундар катышышты.

2 күндүк фестивалды ачкан Нарын шаарынын мэри С. Болотбеков "Кыргыз шырдагы, Оймо жана Манас фестивалдарынын маани маңызына токтолуп, улуттук баалуулуктарыбыз болгон маданий мурастарыбызды өнүктүрүү менен дүйнө жузүнө даңктоо максатын ишке ашыруу зарылчылыгын белгилөө менен фестивалдын жүрүшүнө ийгилик каалады.

Фестивалдарды салтанатуу ачуу театралдаштырылган оюн-зоок, ыр-бий жана Манас эпосу менен коштолду.

Кыргыз улуттук маданий мурастарын жайылтуу, улуу өнөрлөрдү улап дүйнөгө таанытуу максатын көздөгөн маданий иш чаранын алкагында "Манас" фестивалынын жыйынтыгы менен "Жаш манасчы" кароо сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД