Мындан ары унааны каттоо жана кайра каттоо учурунда сүрөткө тартылат

Мындан ары "Унаа" мамлекеттик мекемеси транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо жана кайра каттоо учурунда аларды ар тарабынан сүрөткө тартышат, кийин сүрөттөр жана кароо актысы электрондук маалымат базасына киргизилет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык жаңы жол жоболор боюнча системага сүрөттөрдөн жана кароо протоколунан тышкары кузовдун (шасси/рама) номерлери, унаанын жайгашкан жеринин дареги жана текшерүүнүн датасы киргизилет.

Автоунааларды милдеттүү түрдө сүрөткө тартуу каттоо же кайра каттоодо иш жүзүндө транспорт каражатын кароодон өткөрбөстөн каттоо фактыларын жокко чыгарууга мүмкүндүк берет.

Тиешелүү өзгөртүүлөр транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жана аларга карата менчик укуктарын Мамлекеттик каттоо эрежелерине киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД