Байден: АКШ Ооганстандагы операцияларын 31-августка чейин аяктайт

Вашингтон америкалык аскерлердин Ооганстандагы бардык операцияларын, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар менен бир катар ооганстандыктарды өлкөдөн чыгарып кетүү иштерин 31-августка чейин бүткөрүүгө умтулууда. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден билдирди.

Анын айтымында, операциялардын аталган мөөнөткө карата бүтөөр-бүтпөшү талибандар менен өз ара аракеттешүүгө да байланыштуу болот.

"АКШнын Коргоо министрлиги менен Мамлекеттик департаментине кайрылып, америкалык аскерлердин Ооганстандан кетишине байланыштуу күтүлбөгөн жагдайлар үчүн план иштеп чыгууну өтүндүм. Биз ал жерде канчалык көп болсок, террордук кол салуулардын тобокелдиги ошончолук жогору болот", - деди Байден.

24-августта Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон "Чоң жети" уюмунун онлайн саммиттинде сүйлөп жатып, Ооганстандан бардык америкалык аскерлерди чыгарып кетүү мөөнөтү жылдырылбай, мурда айтылгандай эле 31-август бойдон калышы мүмкүн экенин айткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД