Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүү үчүн үч жылдык программа иштелип чыгат

Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүү боюнча үч жылдык программа иштелип чыгат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова 2021-2023-жылдарга карата COVID-19 менен күрөшүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жолугушууда учурдагы эпидемиологиялык абал жана өлкө аймагындагы коронавирустук инфекцияны жоюу боюнча узак мөөнөттүү иш-чаралар планы талкууланды.

Жылдыз Бакашова коронавирустук инфекциянын жайылышынан коргоого системалуу мамиле уюштуруу зарылдыгын белгилеп, 2021-2023-жылдарга COVID-19 менен күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууну сунуштады.

Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары ведомстволор аралык жумушчу топ түзүүнү тапшырды, ал Программанын долбоорун жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыгып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштайт.

Белгилей кетсек, ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү эле эмес, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын көз карандысыз эксперттери да кирмекчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД