Кыргыз кыздары менен казак жигиттеринин ортосунда "Сармерден" өттү - сүрөт

Кыргыз кыздары менен казак жигиттеринин ортосунда "Сармерден" өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында кыз- жигиттердин "Сармерден" оюну өттү.

Ачылыш салтанатына Президенттин Администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министринин орун басары Нуркиса Дауешов, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү жана кеңири коомчулук катышты.

Эске салсак, бүгүнкү өткөн Сармерден оюунуна кыргыз кыздары жана казак жигиттери ортосунда болду.

Эртең, 25-август күнү казак кыздары менен кыргыз жигиттери ортосунда өтүп жыйынтыкталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД