Өзбекстандын көк бөрү боюнча улуттук курамасы Кыргызстанга келди

Өзбекстандын көк бөрү боюнча улуттук курамасы Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзбек курамасы Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин Кубогуна катышуу үчүн келген. Спортчуларды көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков жана Ош облусу боюнча көк бөрү федерациясынын жетекчисинин орун басары Абди Исаков тосуп алган.

Белгилей кетсек, мелдеш өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД