Чек арада миңден ашык малды мыйзамсыз алып кирип жаткандарга бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасынан 1 миң 226 баш жандык жана бодо мал жана бир катар башка товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттарынын жанындагы товарларды эсепке алуу пункттарынан тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок бодо малдарды, улпак, арпа, жумуртка, минералдык плита жана башка товарларды ташып келүүдө мыйзам бузуу фактыларын аныкташкан. Анда, "Ак-Тилек" товарларды эсепке алуу пунктунан 272 баш ири мүйүздүү мал, 910 баш майда жандыктар, 22 тонна улпак, 22 тонна арпа, 22 тонна түтүк, 9 тонна минералдык плиталарды жана көчмө мончо алып келе жаткан жүк ташуучу унаалар кармалган.

"Чалдыбар" товарларды эсепке алуу пунктунан 69 баш жылкы, 15 баш бодо мал, 15 тонна тоок жумурткасын, 2 бирдик авто транспорттук каражаттарды жана гигиеналык каражаттарды алып өтүү аракетине бөгөт коюлган.

Ошондой эле "Ак-Жол" товарларды эсепке алуу пунктунан 2 тонна чай, 2 тонна малдын майын жана чогултулган жүктү ташып бара жаткан унаа кармалган.

Бардык импорттоочулардын товарларды алып келүүгө уруксат кагаздары болгон эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД