Чыңгыз Айтматов жана Мухтар Шаханов тууралуу даректүү тасма тартылууда

Кыргыз- казак достугун даңазалаган кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана казак эл акыны Мухтар Шаханов тууралуу даректүү тасма тартылууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга чыгармачыл сапар менен казак эл акыны Мухтар Шаханов келип кетти. Анда ал кыргыз- казак достугун даңазалаган даректүү тасмага тартылуу үчүн келди.

Мындай демилгени иш жүзүнө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ашырып, КТРКнын "Маданият. Тарых. Тил" каналы, "ЭлТР" телерадиокомпаниясы, 5- канал, "Пирамида" каналдары жана Т. Океев атындагы Кыргыз Улуттук киностудиясы тарабынан колдоого алынды.

Тасма Т. Океев атындагы Кыргыз Улуттук киностудиясынын көмөгү менен тартылып, Руслан Машрапов режиссерлук кылууда.

Чыгармачыл сапардын алкагында Мухтар Шаханов "Ата-Бейит" тарыхый комплексине. Ч.Айтматовдун үй- музейине жана Ысык- Көлдө болду. Ошондой эле, чыгармачыл сапардын алкагында, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Мухтар Шахановдун чыгармачыл кечеси уюштурулуп, ал "Маданият. Тарых. Тил" каналы аркылуу жазылып алынды.

Бул тасма Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө арналып, кыргыз- казак достугунун түбөлүктүүлүгүн даңазалайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД