Бейшеналиевдин калпы:Жапаров Путинге уу коргошун жөнүндө айткан эмес

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Сочидеги жолугушуу учурунда мамлекет башчысы орусиялык кесиптеши Владимир Путинге коронавирусту аконит менен дарылоо жөнүндө айтты деген билдирүү жасаган. Ал эми Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул маалыматты четке какты.

Эрбол Султанбаевдин айтымында, бул тема расмий сүйлөшүүлөрдүн алкагында талкууланган жок.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров COVID-19 оорусун үйдөн жасалган дары-дармектер менен дарылоону сунуш кылган. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бейтаптарды экинчи толкун учурунда Ысык-Көл тамыры менен дарылап келишкенин моюнга алышган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД