"Ноокен - мистенин мекени" эл аралык фестивалы өтөт

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында "Ноокен - мистенин мекени" эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Көргөзмө Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулууда. 28-августа өтчү иш-чарага Иран, Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Россия мамлекеттеринин өкүлдөрү катышат.

Эл аралык көргөзмөнүн негизги максаттарынын бири ата мекендик продукцияны чет мамлекетке кымбат баада сатып, бизнес жаатында дыйкандарга колдоо көрсөтүү жана инвесторлорду тартуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД