Оогандык аялдар талибдерден Тажикстанга кантип качышканын айтып беришти

"Мен өз үйүмдө жашап, мекениме кызмат кылууну кыялдангам, бирок мени өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылышты", дейт белгилүү ооганстандык спортчу жана жарандык активист Фаришта Хусейни. Ал "Талибан" кыймылынын жоочулары Кабулга жакындап калганда Тажикстанга качып кеткен.

Талибдерден кооптонгон Ооганстандын миңдеген жараны алардан качып кутулууга аракет кылып, өлкөдөн чыгып кетүүнүн бардык мүмкүн болгон жолдорду пайдаланууда. Алардын көбү коңшу Тажикстандын аймагына өтүп кетишкен.

Азырынча Тажикстанга келген ооган качкындары боюнча расмий маалымат жок. 7-июлда Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бийлиги аймакка миңден ашык ооган жараны келгенин билдирген. Мындан тышкары өз өмүрлөрү үчүн кооптонгон 1,5 миң ооган жоокери да "Талибандан" Тажикстанга качып киргени кабарланган. Көп өтпөй тажик бийлиги ооганстандык аскерлердин баары кайра мекенине кайтарылганын билдирген.

Өлкө талибандардын көзөмөлүнө өткөндөн кийин канча ооган жараны Тажикстандын аймагына өткөнү белгисиз. "Озоди" радиосу 16-августка караган түнү ооган армиясынын 143 жоокери Хатлон облусунун административдик борбору эсептелген Бохтар шаарына учуп келгенин кабарлаган.

27 жаштагы Фаришта Хусейни таэквондо боюнча Ооганстандын чемпиону. Душанбеге ал апасы менен келген. "Атам өлкөнү "Талибан" кыймылы башкарып турган жылдары өлтүрүлгөн. Талибдер менин байкемди да өлтүрүшкөн. Азыр Кабулдагы тааныштарыма телефон чалып турам, алар абал оор бойдон калып жатканын айтышат. Адамдар "Талибандын" 20 жыл мурдагы башкаруусун унута элек, талибдер түркөй жана ырайымсыз болушкан", - деди Хусейни "Озоди" радиосуна берген маегинде.

Белгилүү спортчу "Талибандын" жоочулары Ооганстандын дээрлик бардык аймагын басып алып, Кабулга жакындап калганда өлкөдөн качып кеткен.

Савсан Азизи ооганстандык дагы бир качкын кыз. Кабул университетинин юридика факультетин аяктаган Азизинин Тажикстанга келгенине бир жарым айдан ашты. Ал туугандары аны тааныбаган кишиге күчтөп күйөөгө берүүгө аракет кылганда өлкөдөн чыгып кеткен. "Мага коркутуулар боло баштаган. Мындан улам үй-бүлө мүчөлөрүмдү алып Ооганстандан кетүүгө аргасыз болдум. Өз өлкөмдөгү аялдардын укугун коргоо үчүн алган билимимди пайдалана албай калганыма өкүнүп жатам", - деди ал.

Фаришта менен Савсандын келечеги кандай болот белгисиз. Алардын Тажикстанда калып жашоосуна эч кандай шарттары жок. Үчүнчү өлкөлөргө чыгып кетүү оор, мекенине кайтып бара алышпайт.

Ооганстанда 1996-жылдан 2001-жылга чейинки талибдердин беш жылдык башкаруусунда шарият мыйзамдары иштеп, телекөрсөтүүгө, киного, музыкага, искусствого тыюу салынып, кыздардын билим алышы чектелген. Алардын күйөөсү же эркек жакын туугандарысыз сыртка чыгуусуна тыюу салынган.

"Талибан" бул жолу эскиче башкарбай турганын айтып, аялдардын укугун басмырлаган учурлар болбойт деп убада берген. Талибдер шарият эрежелеринин алкагында кыздарга мектепте окууга уруксат берилерин билдирген. Бирок анын убадалары ооган коомчулугунда ишеним жарата элек.

"Талибдер акыркы 20 жылдан бери жөнөкөй тургундарды өлтүрүү, аларга зомбулук көрсөтүү менен алектенип жүрүштү. Алар өзгөрөт дегенге кантип ишенебиз? Азыр жай тургундар өз өмүрү үчүн кооптонбой, тынч жашаса болот деп жатышат, бирок чынында талибдер бир катар аймактарда жөнөкөй адамдарга, анын ичинде аялдарга карата зомбулук көрсөтө башташты", - деди Савсан Азизи.

"Маджмааи Ориёно" уюмунун маалыматына ылайык, Тажикстанда болжол менен 6 миң ооган жашайт. Алардын арасында качкын макамын алгандар жана башкалка сурагандар да бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД