Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 25-август күнү саат 05:11де Жалал-Абад облусунун аймагында катталган. Анда жер титирөөнүн күчү очогунда 2,5 баллга жеткен.
Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл, Кош-Булак айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.