"Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл" почта маркасы чыгарылат

"Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл" почта маркасы чыгарылат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-августта министрликтин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы "Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл" аталышындагы жаңы почта маркасын чыгарат. Анын сүрөтчү-дизайнери Каныбек Турумбеков.

Мааракелүү марканын дизайны улуттук салттарга шайкеш иштелип чыккан. "Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл" почта маркасынын негизги идеясы - ачылган кызыл гүл, стилдештирилген түндүктүн сүрөтү жана 30 саны. Марканын жогору жагында тазалыктын жана аруулуктун символу болгон күндүн чыгыш нурлары композицияны бириктирет. Бүтүндөй композицияда табият орун алып, Кыргызстандын бийик тоолору жана көпкөк ачык асман чагылдырылган. Марка Кыргызстандын жаратылышын таанытуу идеясын камтып, композициясы Кыргызстандын өнүгүүсүн жана биримдигин билдирет. Төмөнкү сол жагында "КЫРГЫЗСТАН, KYRGYZSTAN 2021" деген жазуу түшүрүлүп, ал эми оң жагында почта маркасынын номиналы 66 сом көрсөтүлгөн.

Мааракелүү марканын параметрлери: туурасы - 28 миллиметр, узундугу - 40 миллиметр. Тиражы - 6000 серия, алардын 750сүнүн атайын тешикчелери жок. Почта маркалары Беларусияда "Белоруссия басмаканасы" басмаканасында басылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД