Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди (тизме)

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.

Бул Жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:

- Кыргыз Республикасынын президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы;

- Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары;

- Коопсуздук кеңешинин катчысы;

- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:

- Жогорку Кеңештин төрагасы;

- Министрлер кабинетинин төрагасы;

- Президенттин администрация башчысы;

- мамлекеттик катчы;

- башкы прокурор;

- коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;

- тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;

- өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;

- ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;

улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД