Өкмөт социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын карады

Министрлер Кабинети өлкөнүн жыл башынан бери социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын карады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев белгилегендей, бул мезгил аралыгында мамлекеттин социалдык коргоо жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы бардык пландалган милдеттенмелери өз убагында аткарылып, өлкөдөгү социалдык туруктуулук сакталды.

2021-жылдын 2-кварталынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 105,5%ды түздү, бирок жыл башынан бери терс динамика сакталып турат (-1,7%). ИДПнын реалдуу өсүү темпи 98,3%ды түздү.

Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү каржылоонун бардык булактарынын эсебинен 37,7 млрд сомду түздү.

Өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 2021-жылдын январь-майында 2 млрд 813,4 млн АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,7 %га өстү. Экспорт 818,7 млн АКШ долларын түзүп, 4,4 %га өстү.

Экономиканы жеңилдетилген кредиттөө боюнча колдоо инструменттерин кеңири колдонуу банк секторун стимулдаштырууга мүмкүндүк берди, натыйжада экономикага кредит 6,9 %га көбөйдү (2021 -жылдын июнунун аягында 180,5 млрд сомду түздү). Банк секторунун кредиттик портфелинин көлөмү 2021-жылдын 31-майына карата 171,4 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 5,4 %га көбөйдү.

"Айыл чарбасын каржылоо-9" долбоорунун алкагында коммерциялык банктар тарабынан 4 млрд 881,8 млн сомго 9606 жеңилдетилген кредит берилди.

Жеке адамдардын которуу системасы аркылуу жүзөгө ашырылган акча которууларынын көлөмү 2021-жылдын январь-майында 986,3 млн АКШ долларын түзгөн, бул 2020-жылдын ушул мезгилинин деңгээлинен 41% жогору, анда жалпы агымынын 97,6 %ы Россия Федерациясына туура келет.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди. Анын ичинде:

– жеке секторго тике инвестицияларды тартууга максималдуу көмөк көрсөтүү, ошондой эле саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба, энергетика жана социалдык-тиричилик инфратүзүм секторлоруна мамлекеттик-жеке өнөктөштүгүнүн инфратүзүмдүк долбоорлоруна инвестицияларды жүзөгө ашыруу менен инвестициялык ишке дем берүү чараларын көрүү;

– азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;

– 2021-жылга карата республикалык бюджеттин бекитилген параметрлерине ылайык мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун ишке ашырылышын өзгөчө контролго алуу;

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды автоматташтырылган форматка өткөрүүнү өзгөчө контролго алуу;

– коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы аракеттенүү боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын толук жана өз учурунда каржыланышын камсыз кылуу;

– COVID-19 байланыштуу очоктуу аймактарда иштеген медицина кызматкерлерине компенсацияларды төлөөнү камсыз кылуу;

– жөлөкпулдарды дайындоо системасын автоматташтыруу аркылуу жөлөкпулдардын даректүүлүгүн жана ар бир калктуу конуштун деңгээлинде муктаждыкты жана алуучулардын тизмесин аныктоо боюнча ачык айкындуулукту камсыз кылган механизмин ишке киргизүүнү камсыз кылуу;

- эл аралык транспорт коридорлорунда ишке ашырылып жаткан иштердин мөөнөттөрүнө жана графиктерине ылайык бардык инвестициялык долбоорлор боюнча 2021-жылдын курулуш сезонун аяктоо, ошондой эле 2021-жылга титулдук тизмеге киргизилген обьекттерди бүтүрүү боюнча чараларды көрүү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД