Акжол Махмудовдун Олимп оюндарында кийген спорттук кийими аукциондо сатылды

Акжол Махмудовдун Токиодо өткөн Олимп оюндарында кийген спорттук кийими аукциондо 6 миң 500 долларга сатылды. Бул тууралуу спортчу инстаграмдагы баракчасына жазды.

Ага ылайык, аукциондун башка катышуучулары тарабынан 19 миң 500 доллар өлчөмүндө каражат берилген. Жалпы 26 миң доллар чогулган.

Балбан түшкөн каражат 100 пайыз кайрымдуулукка жумшаларын да жазган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД