Эки күнгө созулган кыргыз-казак "Сармердени" жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган кыз - жигиттердин "Сармерден" оюну ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министринин орун басары Нуркиса Дауешов катышты.

Саамалыктын жүрүшүнө коомдук- маданий ишмерлер жана кеңири коомчулук да күбө болду.

Кыргыз жигиттери менен казак кыздарынын ортосундагы оюнга атайын калыстар тобу түзүлүп, Казакстандын жана Кыргызстандын эл артисттери менен толукталды.

Манас, төкмөлүк өнөр, ашыктык жана достук ырлары, бий, макал жана жаңылмач айтуулар элдин бүйүрүн кызытып, иш -чара жогорку деңгээлде өттү.

Сармердендин жүрүшү толугу менен КТРКнын "Маданият. Тарых. Тил" каналы аркылуу жазылып алынды.

Эске салсак, буга чейин 24- август күнү кыргыз кыздары менен казак жигиттери ортосунда айтыш өткөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД