Соңку суткада коронавирустан Кыргызстанда беш адам каза болду

Соңку суткада коронавирустан Кыргызстанда беш адам каза болду. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 26-августтагы маалыматына айтылат.

Муну менен жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2503 адамга жетти.

Ошондой эле соңку бир күн ичинде вирус дагы 237 адамдан табылган. Муну менен өлкөдө бул оору жуккандардын расмий саны 174 813 адамга жетти.

Бир күндө 422 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 1215 адам жатат, дагы 1643 бейтап үйдөн дарыланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД