Бишкек мэриясы мыйзамсыз объектилерди алуу иштерин жүргүзүүдө

Бишкек мэриясы мыйзамсыз объектилерди алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу шаар бийлигинин мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэрияга караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз объектилер менен күрөшүүнү улантууда. Анын алкагында атайын топ тарабынан Каралаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде муниципалдык аймактагы желимдөө жайы, Керимов көчөсүндөгү времянка, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү тосмо демонтаждалган.

Түшүндүрүү иштеринен кийин Чортеков көчөсүндө 7 капиталдык тосмо жана 1 жеңил конструкция алынып, Тунгуч кичи районунда тандыр ээлери тарабынан алынып салынган.

"Көк-Жар" конушунда Калмурзаев көчөсүндөгү тосмо алынган.

Кривоносов көчөсүндө жолду оңдоп- түзөө иштерине тоскоол болгон эки үйдүн бөлүгү, ошондой эле Жайыл Баатыр көчөсүндө: үч капиталдык дубал, бир үйдүн бөлүгү, мончо жана дүкөн алынган.

Мындан сырткары муниципалдык аймакты Тунгуч кичи районунда №36 үйдүн жанындагы павильон дагы бошотту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД