Бүгүн, 26-августта Бишкектин мэрлигине көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин 26-августтагы отурумунда башчы болуп шайланды. Ага 45 депутаттын 43ү добуш берди.
Жунушалиевдин талапкерлигин Министрлер кабинети жана шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн.
Айбек Жунушалиев 1976-жылы Чүй облусунун Кегети айылында жарык дүйнөгө келген.
Билими:
1994-1999-жылдары Кыргыз улуттук университети, юриспруденция
Эмгек жолу:
1997-1999-жылдары Кыргыз улуттук университетинде слесарь-сантехник;
2000-2004-жылдары Кыргыз улуттук университетинде окутуучу;
2000-2006-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын жаштар иштери боюнча комитетинин башчысы, "Чүй облусунун жаштар кеңеши" коомдук бирикмесинин жетекчиси;
2006-жылы Чүй аймактык билим берүү жана жаштар саясаты башкармалыгынын башчысынын орун басары;
2006-2007-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
2007-2008-жылдары Өкмөттүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат бөлүмүнүн билим берүү, маданият, дин, спорт жана жаштар бөлүмүнүн реферанты;
2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу секторунун башчысы;
2009-2010 - Президенттин администрациясынын уюштуруу жана контролдоо иштери кызматынын өкмөт менен байланыштар боюнча секторунун эксперти;
2010-жылы Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
2010-2014-жылдары Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси;
2014-2015-жылдары Өкмөттүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
2015-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчысы;
2021-жылы Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары. Май айында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болгон;
2021-жылдын 12-августунда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.