Лейлек районунунда кыргыз-тажик биргелешкен кайгуулдары жүрүп жатат

Лейлек районунунда кыргыз-тажик биргелешкен кайгуулдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБинин жетекчиси Мурат Боронов менен Тажик республикасынын Согди ОИИБнын жетекчиси Абдулло Навджувонов менен биргелешип сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Лейлек районунун Жаны-Жер айыл аймагы менен Тажик республикасынын Гафуров району менен чектешкен аймактарда, башкача айтканда эки мамлекетти бөлүп турган Худжанд-Канибадам автожолунун 7 км чейинки аралыкта милиция кызматкерлеринен түзүлгөн кайгуулдар 24-августтан баштап жүрө баштады.

Эки элдин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле чагымчыл аракеттерге жол бербөө, кылмыштуулукту болтурбоо максатында уюшулган кайгуулдар 2 маршрутта чыгып, эрте мененки саат 9.00 – 18.00гө чейинки аралыкта иш алып барышат.

Лейлек районунун Арка-2, Борбордук айылдары Тажик республикасынын Согди облусунун Гафуров районунун Хистоварс айылы менен чектешет. Бул аймактарда негизинен кылмыштуулуктун уурулук, автотранспорт каражаттарын укукка жат түрдө ээлеп алуу түрлөрү көп катталат. Уурулук негизинен чектеш аймактардагы дүкөндөрдөгү тамак-аш, буюмдардын уурдалуусу көйгөй жаратып келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД