АКШ жана анын өнөктөштөрү Ооганстандан 90 миңдей кишини эвакуациялады

Кабулдагы аэропорт аркылуу эвакуация башталгандан бери АКШ жана анын өнөктөштөрү Ооганстандан 90 миңдей кишини алып чыгып кетти. Бул тууралуу 25-августта АКШ Коргоо министрлигинин өкүлү билдирди.

Генерал-майор Уильям Тэйлордун айтымында, акыркы суткада эле АКШнын аскердик-транспорттук авиациясы Кабулдан 11 миң, АКШнын союздаштары 8 миңдей кишини эвакуациялады. Өткөн суткада ооган борборунун аэропортунан 90 каттам жасалды. Кабулдан ар бир 40 мүнөт сайын аскердик-транспорттук учактар учуп турду.

Тэйлор ушул тапта Кабул аэропортунда 10 миңдей адам эвакуацияны күтүп жатканын белгиледи.

Өлкө "Талибан" кыймылынын колуна өткөндөн бери аскерлерди эсептебегенде АКШнын 4400 жараны эвакуацияланды. Калгандары – башка өлкөлөрдүн жана чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен кызматташкан, талибдердин куугунтугуна кабылышы мүмкүн болгон ооган жарандары.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД