Бишкекте "Шамбала" тасмасынын улуттук премьерасы өтөт

Бишкекте "Шамбала" тасмасынын премьерасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тасма бүгүн, 26-августта саат 18:00дө "Манас" кинотеатрында көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, "Шамбала" тасмасы Ч.Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде Артык Сүйүндүковдун режиссерлугу менен тартылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД