Жапаровдун кеңешчиси Кыдырмышев Кадыровго ат жабдыктарын тартуу кылды

Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Руслан Кыдырмышев Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров менен жолукту. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Маалыматка ылайык, Кыдырмышев социалдык тармактагы баракчасына Кадыров менен бирге түшкөн сүрөтүн жүктөп меймандостугуна ыраазычылык билдирген.

"Чечен республикасында ар дайым жылуу жана чын ыкластуу тосуп алуу үчүн, менин кымбаттуу жана кадырлуу бир тууганым, Орусиянын баатыры, Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыровго терең ыраазычылыгымды билдирем. Сизди жакында Кыргыз өлкөсүндө көрөбүз деп ишенебиз", - деп жазган Кыдырмышев.

Ал эми чечен басылмалары Кыдырмышев Кадыровго ат жабдыктарын белек кылгандыгын жазышууда.

"Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун жылкыларга болгон сүйүүсүн билген Руслан Кыдырмышев ага кыргыз усталары жасаган ооздук, ээр жана колго жасалган кур сыяктуу ат жабдыктарынын толук комплектисин белек кылды", - деп жазылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД