Мас киши уулун арматура менен чаап өлтүрдү

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда мас киши уулун арматура менен сабап өлтүрдү.

Өзбекстан ИИМинин басма сөз кызматы билдиргендей, 25-августта Чиракчин райондук ички иштер бөлүмүнө Тарагай маалесинде киши өлтүрүү болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам топ барган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 25-августка караган түнү атасы үйүнө мас абалында келгени жана уулу менен урушуп кеткени аныкталган. Ал күнү уулу да кызуу болгон.

Жаңжал учурунда атасы уулун арматура менен чаап жиберген, ал ошол жерде жан берген.

Шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, алдын ала тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД