Эртең Бишкекте этностор аралык "Достук" фестивалы өтөт

Эртең Бишкекте этностор аралык "Достук" фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында "Кыргызстан -менин мекеним!" аттуу этностор аралык "Достук" фестивалы эртең 27-август күнү өтөт. Ал Бишкек шаарынын эски аянтында 09:30да башталат. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД