Кыргызстандык Диербек Тилавалдиев жаштар арасындагы бокс боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш учурда Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жатат. Анын алкагында Диербек Тилавалдиев эки беттеште жеңишке четип, жарым финалга чыккан. финалга чыгуу үчүн Диербек Тилавалдиев ирандык мушкер менен беттешип, калыстардын чечими менен жеңилүү ызаасын тартты. Бирок өз салмак ченинин акыркы протоколунда 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду.