Дайынсыз болуп жаткан Абдырахман Турсунбаев изделүүүдө

Дайынсыз болуп жаткан Абдырахман Турсунбаев изделүүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын Достук кичи шаарчасынын тургуну 1987-жылы туулган Абдырахман Турсунбаев 1-август үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Учурда Абдырахман Турсунбаевдин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Бою 170-175 сантиметр, өңү ак жүздүү, кашы, көзү, чачы кара, орто дене түзүлүштө.

Үстүндө кара түстөгү футболка, кара түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим болгон.

Байланыш теелфону; 102, (03722) 5 28 31, 7 03 44, 0224 95 15 15.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД