Баткенде экстремизмди алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү

Кызыл-Кыя шаарында экстремизмди алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарында 24,26-август күндөрү шаар активисттерине, имамдар, квартал комитеттерине терроризм жана экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйналыштар өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын максаты улуттар арасындагы кастыкты козутпоо, ынтымакты бекемдөө, диний экстремизм, терроризмдин алдын алуу, провокациялык чакырыктарга жол бербөө, ошондой эле жаңыдан өсүп келе жаткан жаштарга туура тарбия берүү.

Жыйынга катышкан жергиликтүү бийликтин өкүлдөру, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси жана тийиштүү кызматкерлери, шаардык казыяттын имамы жана укук коргоо кызматынын жетекчилери эл тарабынан берилген суроолорго жооп берди.

Кызыл-Кыя шаар аймагында 2021-жылдын 8 ай ичинде экстремизмге байланышкан 5 факт катталып, тийиштүү чечимдер кабыл алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД