Бишкек шаарындагы Ахунбаев жана Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде буюрутма жеткирүүчү мотоциклдин айдоочусун унаа сүзүп кетти. Аны ооруканага алып кеткенин күбөлөр айтышты. Бул тууралуу vb.kg сайтынын кабарчысы жеринен билдирди. Азырынча башка дагы жол кырсыгынан жапа чеккендер бар же жогу такталууда. Жеринде Жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери иш алып барууда.