Казакстанда аскердик кампадагы жарылуудан 60 киши жаракат алды

Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскердик кампадагы жарылуудан бери дегенде 60 киши, анын ичинде 11 аскер кызматкери жаракат алды. Каза болгондор жок. Бул тууралуу облустук акимчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Жаракат алгандардын баары Тараздагы шаардык ооруканага жеткирилди.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүү жана андагы тартипти сактоо үчүн Жамбыл облустук полиция департаментинин толук курамы (300 киши) жана аскердик бөлүктүн 500 жоокери тартылды.

Коргоо министрлиги кампаларда ок-дарылар сакталып турганын, мындан улам жакын жайгашкан айылдардын тургундары эвакуацияланып жатканын билдирди.

"Жарылуу болгон жерден бир чакырым алыстыкта жайгашкан Кайнар айылында эвакуация иштери жүрүүдө. Бул айылда жалпысынан 250 киши жашайт. Мындан тышкары Базарбай, Уш-Булак жана Жанатурмыс айылдарынын тургундары эвакуацияланып жатат", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Президент Касым-Жомарт Токаев жарылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун, Жамбыл облусуна коргоо министри, өзгөчө кырдаалдар министри жана ички иштер министринин орун басары учуп кеткенин билдирди.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 26-август күнү кечки саат жетилерде аскердик бөлүктөгү кампалардын биринде өрт чыгып, андан соң катуу жарылуу болгон.

2019-жылы 24-июнда Казакстандын Арыс шаарындагы курал-жарак сакталган кампадан өрт чыгып, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Тургундар калаадан чукул чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Расмий маалыматтар боюнча, шаардан 41 миң киши көчүрүлгөн. Анда үч адам каза таап, ондогон киши ооруканага жаткырылган.

Окуяга байланыштуу 12 аскер кызматкери ар кандай мөөнөттөргө эркинен ажыратылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД