Бишкекте "Шамбала" тасмасынын улуттук премьерасы өттү - сүрөт

"Манас" кинотеатрында Ч. Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган кинорежиссер Артык Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасынын улуттук премьерасы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, тасмага тартылган чыгармачылык- техникалык топ жана кеңири коомчулук катышты.

Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган тасманын дүйнөлүк премьерасы 2020-жылы июль айында Шанхай эл аралык фестивалында өткөн.

"Шамбала" тасмасы буга чейин бир нече эл аралык кинофестивалдарга катышып, байгелүү орундарды ээлеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД